Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:07

Өкмөт чет жактагы кыргызстандыктар Айтматовду көбүрөөк билишине көмөктөшөт


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Өкмөт чет жакта жашаган кыргызстандыктар Чыңгыз Айтматов жөнүндө көбүрөөк билишине көмөктөшөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жазуучунун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынында айтты. Өкмөт башчы бул багыттагы иш-чараларды сапаттуу аткаруу зарыл экенин белгиледи:

- Чет өлкөдө жашаган мекендештерибиздин арасында Чыңгыз Айтматовдун өмүрүн жана чыгармачылыгын изилдөө маселесине өзгөчө көңүл буруу зарыл. Мекенинен алыста жашаганына карабастан, биздин мекендештерибиз Чыңгыз Төрөкулович ким экенин билип, эстеп жүрүшү керек.

Мындан тышкары жыйында жазуучунун туулган жери, Талас облусунун Шекер айылында «Чыңгыз-Ордо» маданий комплексинин өркүндөтүлгөн концепциясын түзүү боюнча сынактын жеңүүчүсүнүн долбоору сунуш кылынды.

Абылгазиев Финансы министрлигине тиешелүү буйрук даярдап, бул комплекстин курулушун республикалык бюджеттен каржыланган объектилердин тизмесине киргизүүнү тапшырды.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Кинематография департаментине Саха Республикасы (Орусия Федерациясы) менен чогуу Чыңгыз Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повести боюнча тасма тартууну тездетүү тапшырылды.

XS
SM
MD
LG