Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Чоң-Арыкта гемодиализ борбору ачылды


Бишкекте ачылган гемодиализ борбору.
Бишкекте ачылган гемодиализ борбору.

Чоң-Арыкта жеке ишкерлердин аракети менен "Диамед Центр" аттуу гемодиализ борбору ачылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" борбордун негиздөөчүсү Мирлан Асанов кабарлады.

Борбордо 10 аппарат иштеп, алар күнүнө 20 кишини тейлөөгө жетишет. Бейтаптарды үйүнөн бери алып кеткен жалгыз жеке менчик борбор кардарларды Кыргызстандын бардык аймактарынан кабыл алат. Кара-Балтадан келген кардарларды атайын кичи автобустар Бишкектин батыш тарабынан, ал эми Нарындан, Ысык-Көлдөн, Токмоктон келгендерди Чыгыш вокзалдан өздөрү акысыз алып кетип дарылашат.

- ​Чоң-Арыкта суу таза болгондуктан дарылоо натыйжалуу өтүп жатканын алынган анализдер көрсөтүп жатат, - деди Мирлан Асанов.

Аталган гемодиализ борбору мамлекеттин Милдеттүү түрдө медициналык камсыздоо фонду менен кызматташып, дары-дармектерди да акысыз таратат. (KR)

XS
SM
MD
LG