Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:32

Кара-Сууда "Биз да өз күчүбүздү көрсөтөбүз" спорт мелдештери өтүүдө


Мелдештердин катышуучулары.

Оштун Кара-Суу районунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын "Биз да өз күчүбүздү көрсөтөбүз" деген спорттук мелдештери өтүп жатат.

Иш-чара "Сезим" майыптар коомдук фондунун түзүлгөн күнүнө карата уюштурулуп жатат.

Фонддун жетекчиси, мелдештердин уюштуруучусу Камил Майнаев "Азаттыкка" билдиргенине караганда, жалпысынан ага 80 адам катышууда. Алар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан келген 1, 2 жана 3-топтогу майыптар.

Быйыл үчүнчү жыл уюштурулган мелдештер спорттун шахмат, шашка, кол күрөш, таш көтөрүү жана алкакты айлантуу сыяктуу түрлөрүнөн өтүүдө. (MdN)

XS
SM
MD
LG