Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Польша БУУну Украинанын чыгышына тынчтык сактоо күчтөрүн коюуга үндөдү


НАТОнун машыгуусуна катышып жаткан украин аскери.
НАТОнун машыгуусуна катышып жаткан украин аскери.

Польшанын президенти БУУнун Коопсуздук кеңешин чыгыш Украинага тынчтыкты камсыз кылуу күчтөрүн жайгаштырууга үндөдү.

Анджей Дуда 17-майда Нью-Йоркто өткөргөн басма сөз жыйынында билдиргендей, ал күчтөр Украина менен Орусиянын эл аралык коомчулук тааныган мыйзамдуу чек арасында жайгашууга тийиш. Польша ушу тапта Коопсуздук кеңешинде төрагалык кылып жатат.

Украина тынчтыкты камсыз кылуу контингенти Орусиянын жикчилдерге аскердик жактан жардам беришин көзөмөлдөп, алдын алса аларды жайгаштырууга макул болорун айтып келет. Өткөн сентябрь айында Орусия Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) чыгыш Украинадагы 600дөй байкоочусун коргоо үчүн бейпилдик күчтөрүн жайгаштырууну сунуш кылган. Бирок Киев жана шериктери ага каршы болгон.

Украина Орусия өлкө чыгышындагы жикчилдерге курал-жарак, аскерлер жагынан жардам берет деп айыптаса, Москва муну чекте кагууда.

XS
SM
MD
LG