Греция жана Македония өлкө аталышы боюнча көп жылдан бери уланган талаш боюнча позициясын так айта алышпайт.
Грек премьер-министри Алексис Ципрас "македон өкмөт башчысы менен жолугушуудан кийин талашты жөнгө салууда көп иш жасалды, бирок мунасага келиш үчүн дагы убакыт керек" деп билдирди.
Афины Скопьенин Евробиримдик жана НАТОго кошулуусуна бөгөт коюп келет, анткени Грециянын бир чөлкөмүнүн аталышы да Македония болгондуктан, "кошуна өлкө аймактык доомат артышы мүмкүн" деген жүйөнү айтууда. Македон премьер-министри Зоран Заев болсо оптимисттик көз карашын билдирип, "Еврошаркеттин июндагы саммитине чейин тараптар бир пикирге келиши мүмкүн" деди.
Буга чейин "Македония өлкө аталышына “Жогорку” же “Түндүк” деген сөздөрдү кошушу мүмкүн" деген божомолдор айтылып келген. Бирок улутчулдар ага каршы болуп жатышат.
Ушу тапта БУУда Афинынын талабы менен бул өлкөнү "Мурдагы Югослав жумурияты Македония" деп атап жүрүшөт.