Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Атамбаев журналисттерге карата материалдык доосунан баш тартты


Чолпон Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айып.
Чолпон Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айып.

Алмазбек Атамбаев журналисттерге койгон материалдык доосунан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн КСДП билдирүү таратты.

Анда Атамбаев "Медиа Полиси Институту" уюмунун кайрылуусуна жооп берип “Расмий катталган маалымат ресурстарында жана медиа коомчулукта кийинки жылда болгон позитивдүү өзгөрүүлөр журналисттер Нарын Айыпка жана Дина Масловага, укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата доо арызымдын материалдык бөлүгүнөн баш тартышыма мүмкүнчүлүк берүүдө” деп жазганы айтылат.

Медиаэксперттер Бегаим Усенова менен Элвира Каракулова кайрылуусунда доо арыздардын материалдык бөлүгү өлкө ичинде да, сыртында да кооптонуу жаратып жатканын айтышкан.

2017-жылдын 20-апрелинде ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин беделин коргоо максатында сайттын эки негиздөөчүсүн жана укук коргоочу Чолпон Жакупованы сотко берген. Мындай дооматка сайтка жарыяланган, Атамбаевди сындаган материал себеп болгон.

Октябрь райондук соту башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо жөнүндө арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган.

Анын ичинен басылма 15 миллион сом, журналисттер Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом, "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова ​3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.

Жогорку соттун коллегиясы 23-апрелде Масловага байланыштуу соттук ишти кайра тергөөгө жөнөткөн. Андан мурдараак Жогорку сот Жакуповага карата кенемтени бөлбөй төлөө боюнча райондук жана шаардык соттун чечимин жокко чыгарган.

XS
SM
MD
LG