Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Пакистанда беш согушкер өлтүрүлдү


Пакистандын коопсуздук күчтөрү Кветта шаарында теракттын алдын алышканын, беш жанкечтини жок кылышканын билдиришти. Алар чек ара күчтөрүнүн кошуунуна кол салууну пландашкан.

Кабарга караганда, жоочулар дүрмөттөлгөн машина менен аскердик жайга кирүүгө аракеттенгенде аскерлер ок ачышкан. Атышууда төрт жоокер жарадар болду. Андан бир нече саат мурун Новшера шаарында жанкечти куралдуу кошуундун кербенине кол салып, 10 киши жараат алган.

Кечээ Пакистан армиясы 100дөн ашуун пакистандык шииттерди өлтүрүү үчүн изделип жаткан исламчыл согушкер Салман Бадени Кветтада жок кылынганын билдирген.

Кечээги теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бирок аскерлер бул Баданинин өлтүрүлүшү үчүн өч алуу болду дешет.

XS
SM
MD
LG