Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:19

Орусиялык экс-тыңчы Скрипаль ооруканадан чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Британияда ууландырылган мурдагы орус чалгынчысы Сергей Скрипаль 18-майда ооруканадан чыкты. Британ бийлиги Скрипаль жана кызы Юлия ушу тапта кайда экенин айткан жок. 4-мартта 66 жаштагы экс-тыңчы кызы менен Солсбери шаарында эс-учун жоготкон абалда табылган. Экөө тең бир топ күн комада жатышты. Юлия апрелде өзүнө келип, ооруканадан чыккан.

“Скрипалдын саламаттыгы калыбына келип, Солсебри райондук ооруканасынан чыгып жатканы абдан жакшы жаңылык”, - деди бул оорукананын аткаруучу директору Кара Чарльз-Баркс.

Скрипалдардын ууландырылышын расмий Лондон Москвадан көрөт. Британ бийлиги "алар адамдын нервин шал кылчу “Новичок” деген уулуу зат менен ууландырылган" деген бүтүмгө келген. Москва Лондондун билдирүүсүн “далили жок” деп четке каккан.

Скрипалды 2004-жылы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "британиялык чалгын агенттиги менен кызматташты" деп айыптап, камакка алган. Тергөөдө Скрипаль 1995-жылдан бери Британиянын чалгын кызматына мамлекеттик сыр болуп эсептелген маалыматтарды берип турганы аныкталган.

2006-жылы Москванын аскердик соту тыңчыны аскердик наамдарынан ажыратып, 13 жылга түрмөгө кескен. Төрт жылдан кийин Скрипаль АКШда кармалган орусиялык агенттерге айырбашталган. Солсбери шаарында ал 2011-жылдан бери жашап жүргөн.

XS
SM
MD
LG