Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:45

Кыргыз-өзбек чек ара машыгуулары өттү


Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачылары.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачылары биргелешкен машыгууларды өткөрүштү.

Эки күндүк иш-чара Айдаркен (Кыргызстан) жана Кокон, Кувасай багыттары боюнча жүрдү.

Аскерлер чек ара тилкесинде ар кандай чыр-чатактарды алдын алуу, абал курчуп кетсе биргелешип иштөө, ыктымал конфликттик кырдаалдарды курал колдонбостон чечүү жолдорун иштеп чыгышты.

Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG