Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Тажикстанга жөнөтүлгөн китептер чек арада кармалып турат


Жергеталдык окуучу балдар.
Жергеталдык окуучу балдар.

Кыргызстандан Тажикстандагы кыргыздар билим алган мектептерге жардам катары жөнөтүлгөн бир тоннадан ашык китеп Тажикстандын чек арасынан өткөрүлбөй калды.

Бул тууралуу жардам берүүнү уюштурган топтун мүчөсү Жолдошбек Турдубаев билдирди.

Анын айтымында, китептердин чек арадан өткөрүлбөй калышына эки өлкөнүн ортосунда өкмөттүк деңгээлде макулдашуу жок экени себеп болгон.

Учурда бир тоннадан ашык китеп эки өлкөнүн ортосундагы чек арада турат.

Буга чейин Кыргызстанда жарандардын демилгеси менен мекендештерге жардам чогултуу жана аны Тажикстандагы кыргыздар көп жашаган Жерге-Тал жана Мургаб райондоруна жеткирүү боюнча уюштуруу тобу түзүлгөн.

Жардам чогултуу учурунда негизинен Тажикстандагы кыргыздар билим алган мектептерге жеткирүү үчүн китеп жана башка окуу куралдары топтолгон.

15-майда ондон ашуун ишкер, журналисттерден турган топ Бишкектен жүк менен тажикстандык кыргыздарга жөнөп кеткен эле. (ZA)

XS
SM
MD
LG