Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:09

19-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


19-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында көпчүлүк аймактарда, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жамгыр катуу жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө жана Баткенде түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24,

Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23,

Нарын жана Ысык-Көл дубандарында түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 3...8 градус болот.

Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын болбойт, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 21…23 градуска чейин көтөрүлөт.

XS
SM
MD
LG