Музейлердин эл аралык күнүнө карата Каракол шаарындагы Пржевальск-Кусеин Карасаев мемориалдык музей-комплексинде "Түнкү музей" акциясы башталды.
Иш-чара кыргыздын улуттук оюн-зоок, каада-салтынын коштоосунда өтүп жатат.
Ага Касым Тыныстанов атындагы университеттин окутуучу жамааты, студенттери жана Пристань-Пржевальск айылынын жетекчилери, тургундары катышууда.
Акциянын максаты - музейлерди элге таанытуу. (AsM)