Орусия парламентине президенттин ыйгарым мөөнөтү боюнча сунуш киргизилди.
Мамлекеттик думанын маалымат базасында пайда болгон мыйзам долбоору жума күнү каттоодон өтүп, төрагага жөнөтүлгөн. Документти Чеченстан парламенти сунуш кылган. Анда "ушул тапта бир эле кишинин катары менен үч мөөнөткө чейин мамлекет башында туруу туура кадам болоору, бул – социалдык-саясий стабилдүүлүктү сактап калууга өбөлгө түзөөрү" айтылат. Буга чейин Чеченстан президенти Рамзан Кадыров президент Владимир Путиндин ыйгарым мөөнөтүн узартууну сунуш кылган. 7-майда Путин 4-ирет Орусия президенти катары ант берип ишке киришти.
2008-жылкы конституциялык өзгөртүүгө ылйык, мамлекет башчынын мөөнөтү төрт жылдан алты жылга узартылган. Бирок катары менен эки мөөнөттөн ашуун президент болууга Баш мыйзам жол бербейт.