Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Евробиримдик Иранга инвестиция салган компанияларын коргойт


"Maersk" компаниясынын жүк тарткан танкери. 2012-жылы тартылган сүрөт.
"Maersk" компаниясынын жүк тарткан танкери. 2012-жылы тартылган сүрөт.

Евробиримдик Иранга инвестиция салган европалык компаниялардын кызыкчылыктарын коргойт жана Тегерандын өзөктүк программасы боюнча биргелешкен планды аткарат. Бул тууралуу жума күнү Еврокомиссиянын сайтына чыккан биргелешкен билдирүүдө айтылат. Документ биримдиктин лидерлеринин Софиядагы саммитинин натыйжасында кабыл алынды.

Атайын регламентке ылайык, европалык компанияларга АКШнын санкцияларын биримдиктин сыртында аткарбай коюуга уруксат берилет. Ошондой эле америкалык санкцияларды биримдик аймагында аткаруу боюнча соттук чечимдердин баары жокко чыгарылат.

Брюссель ошондой эле биримдик мүчөлөрүн Ирандын Борбордук банкына бир жолу акча которуу мүмкүнчүлүгүн аймактык деңгээлде карап көрүүгө чакырды. Бул кадам Тегеранга санкцияларга карабай мунайдан түшкөн кирешени алып турууга жол ачмакчы. Майдын башында америкалык президент Доналд Трамп Тегеран менен түзүлгөн көп тараптуу өзөктүк макулдашуудан чыгаарын жана Иранга каршы санкциялар жанданаарын билдирген. Документке кол койгон калган өлкөлөр – Кытай, Орусия, Германия, Британия жана Франция аны сактап калууга даярдыгын айтып келатышат.

XS
SM
MD
LG