Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

Меркел жана Путин Сочиде жаңы газ куурун талкуулашты


Бүгүн Сочиде Германиянын канцлери Ангела Меркел орус президенти Владимир Путин менен жолугушту. Жетекчилер Украинадагы жаңжал, АКШнын Иран менен өзөктүк келишимден чегинишинен кийинки Европанын кадамдары, Орусия менен Германияны туташтырган газ куурун өткөрүү өңдүү маселелерди талкуулашты.

Путин Орусиянын жаратылыш газы кошуна Украинага "Түндүк агым-2" долбоору ишке ашкандан кийин да агып турушу мүмкүн деди. Ал долбоор боюнча орусиялык газды Германияга жеткирген куур Украинаны кыйгап жаткырылмакчы. "Украина аркылуу өткөн транзит токтогон жок", - деди Путин. Меркел "Түндүк агым-2" курулгандан кийин да Украина транзит өлкө ролун аткара берүүгө тийиш, Германия ага жардам берүүгө даяр деди.

Москва Украинанын Крым жарым аралын басып алып, кошуна өлкөнүн чыгышындагы жикчилдерди колдой баштагандан кийин Еврошаркет санкцияларды киргизгенде Берлин андай чараларды колдоп келген. Муну менен катар эле Меркел "Түндүк агым-2" долбоорун жактаарын айткан. Ал долбоор ийгиликтүү болсо Орусия Сибирде жакында табылган кендерден Батыш Европага азыркыдан эки эсе көп газ экспорттой алат. Киев долбоор санкцияларга көлөкө түшүрөт дегени менен Берлин газ куурун кеңейтүүнү жактырды. План боюнча куур эмки жылдын аягында ишке кирмекчи.

XS
SM
MD
LG