Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:19

Техаста мектептеги атышууда сегиз киши мерт болду


АКШнын Техас штатынын Санте-Фе шаарындагы мектепке бирөө кирип барып, ок чыгарган окуяда кеминде сегиз киши каза тапканы кабарланды. Кол салууну ошол эле мектептин окуучусу, 17 жаштагы өспүрүм жасады деп шектелип жатат. Жергиликтүү полиция башчысы "10го чукул кишинин өмүрү кыйылган болушу мүмкүн" деп билдирди. Дагы бир маалыматтар боюнча ок чыгарган кишини полиция кармап кетти.

Президент Дональд Трамп курман болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айтып, бул сыяктуу "кайгылуу окуялар көп жылдан бери Американы дүрбөлөңгө түшүрүп" келатканын белгиледи.

Февралда эле Флорида штатындагы мектепте куралчан адам 17 окуучу менен мугалимди атып кеткен. Ошондон кийин курал-жаракты көзөмөлдөө маселеси кайрадан катуу талаш-тартышка түшкөн.

XS
SM
MD
LG