Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:23

Турсунбеков: Кол тийбестик алынса Атамбаевге тиешеси болбойт


Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты, экс-спикер Чыныбай Турсунбеков экс-президенттерден кол тийбестикти алуу демилгеси боюнча "Азаттыкка" оюн билдирди. Ал жалпы укуктук-ченемдер боюнча мыйзам артка иштебесин эске салып, демилге ишке ашкан күндө деле Алмазбек Атамбаевге тиешеси болбойт деп ойлойт.

- Эгер биз экс-президенттерден кол тийбестик алган мыйзамга өзгөртүү киргизсек ал мындан кийинки президенттерге иштей турган мыйзам болот. Анткени мыйзам артка иштебейт. Буга чейин экс-президент макамын алгандарга тиешеси болбойт. Бирок азыр саясий оюдардын негизинде бул демилге Атамбаевге каршы көтөрүлүп жатат. Бирок мыйзамды сыйлагандар үчүн бул туура эмес, - деди Турсунбеков.

17-майда парламент ЖЭБ чуусуна байланыштуу экс-президенттерден кол тийбестикти алуу демилгесин колдогон. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин мындай сунушун жыйынга катышкан 112 депутаттын 87си колдоп, 14ү каршы добуш берген. (UEz)

XS
SM
MD
LG