Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

Бүгүн ханзада Гарри менен актриса Маркл үйлөнөт


Сүрөттө: чатыр тигип, тойдун башталашын күткөндөр.
Сүрөттө: чатыр тигип, тойдун башталашын күткөндөр.

Британиянын ханзадасы Гарри менен америкалык актриса Меган Марклдын үйлөнүү тою бүгүн болот. Той Лондондун чет жакасындагы Виндзор сарайында өтөт. Көптөн бери күтүлүп келаткан бул тойду дүйнө коомчулугу түз эфир аркылуу көрүшсө, он миңдеген лондондуктар жеринде күбө болушат.

Гарри менен Мегандын никеси 15-кылымда курулган Ыйык Жорж чиркөөсүндө кыйылат. 33 жаштагы ханзада Гарри британ тактысына мураскерлердин тизмесинде бешинчи сапта турат. Ал актриса Маркл менен 2016-жылы таанышып, андан бери мамилелерин жашыруун кармап келишкен.

Алар үйлөнө турганын Гарринин атасы ханзада Чарльз 27-ноябрда жарыялаган. Гарри - ханзада Чарльз менен маркум канке Диананын Уильямдан кийинки экинчи уулу.

XS
SM
MD
LG