Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:24

Белгилүү укук коргоочу Василя Иноятова көз жумду


Василя Иноятова
Василя Иноятова

19-майга караган түнү Ташкентте белгилүү укук коргоочу Василя Иноятова 62 жаш курагында көз жумду. Ал көп жылдардан бери “Эзгулик” укук коргоо уюмун жетектеп келген. “Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлагандай, укук коргоочу ички кан айлануусуна байланыштуу операциядан кийин өзүнө келген эмес.

Иноятова акыркы жылдары саясий туткундардын укугун коргоо менен алектенчү. Ал саясий жүйө менен камалган оппозициялык саясатчыларга, активисттерге жана журналисттерге юридикалык жардам көрсөтүп, ден соолугу начарлаганына карабай өзбек түрмөлөрүн кыдырчу. Адам укуктары боюнча эл аралык уюмдар да саясий туткундар тууралуу маалыматты Иноятова аркылуу алып турушкан.

XS
SM
MD
LG