Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Техаста он кишини атып өлтүргөн окуучу камакка алынды


АКШнын Техас штатынын Санте-Фе шаарындагы мектепте он кишини өлтүрүп, дагы онун жарадар кылган 17 жаштагы окуучу Димитриос Пагуртзис камакка алынды. Ага “адам өлтүрүү” беренеси боюнча айыбы угузулуп, аймактык түрмөгө камалды. Анын күрөө менен тергөө бүткүчө эркиндикке чыгуу укугу чектелди.

Димитриос Пагуртзис мектептин футбол курамасында ойночу. Классташтары аны жоош бала катары сүрөттөшкөн.

2013-жылдан бери АКШда билим берүү жайларында ок чыгарган 313 окуя катталган. Анын 43ү быйыл болгон. Февралда эле Флорида штатындагы мектепте куралчан адам 17 окуучу менен мугалимди атып кеткен. Ошондон кийин курал-жаракты көзөмөлдөө маселеси кайрадан катуу талаш-тартышка түшкөн.

XS
SM
MD
LG