Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Кубадагы авиакырсыктан каза болгондордун саны 110го жетти


Куба бийлиги "Boeing 737" жүргүнчү учагында каза болгондордун саны тууралуу маалыматты тактап, алар 110го жеткенин билдирди.

Транспорт министринин айтымында, алардын арасында экипаж мүчөлөрү - Мексиканын алты жараны жана дагы беш чет элдик жарандар бар. Каза болгондордун арасында Гаванадан Ольгин шаарына кайтып келаткан 20га жакын протестант дин кызматкерлери бар экени айтылды.

Кубанын борбору Гаванада 18-майда "Boeing 737" жүргүнчү учагы аба майдандан анча алыс эмес жерде кыйрап, 100гө жакын адам каза болгону кабарланган. Учакта 104 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгону айтылган. Бирок маалымат каражаттары үч адам аман калганын, алардын абалы оор экенин жазып жаткан.

"Cubana de Aviacion" мамлекеттик авиакомпаниясына таандык учак Гаванадан Кубанын чыгышындагы Ольгин шаарына бет алган.

Учак 1979-жылы өндүрүштөн чыккан. Экипаждын мүчөлөрү, аба кемесинин капитаны мексикалыктар болчу. Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG