Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Украина КМШ органдарындагы өкүлдөрүн чакыртып алды


Петр Порошенко
Петр Порошенко

Украинанын президенти Петр Порошенко Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) органдарындагы өз өлкөсүнүн өкүлдөрүн чакыртып алуу тууралуу буйрукка кол койгонун билдирди.

“Ал жакта биз жасай турган иш калган жок – биз Европаны көздөй жылабыз”,-деди Порошенко өлкөнүн Винница шаарында чыгып сөз сүйлөп жатып.

КМШнын органдарындагы өкүлдөрүн чакыртып алуу жана бул уюмдун алкагындагы эл аралык макулдашуулардан чыгуу жөнүндөгү чечимдерди буга чейин Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу боюнча кеңеши кабыл алган болчу.

Украина мурдагы СССРден тараган 12 өлкөнүн катарында алгачкылардан болуп КМШ уюмун түзгөндөрдөн болгон. Киев формалдуу түрдө КМШнын жобосун ратификация кылбаганы менен уюмдун ишмердүүлүгүнө толук катышып келген. 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялангандан кийин жана Донбасста куралдуу кагылышууну баштагандан кийин Украина КМШ уюмунун иш-чараларына катышуусун токтоткон. Акыркы жылдары КМШ мамлекеттеринин лидерлеринин жолугушуусунда Украина элчинин деңгээлинде чыгып келген. (ErN)

XS
SM
MD
LG