Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Кубанычбек Кулматовдун үйүндө тинтүү жүргүзүлдү


Кубанычбек Кулматов
Кубанычбек Кулматов

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун үйүнө тинтүү жасалды. Бул маалыматты Кулматов “Азаттыкка” ырастады.

Кулматов тинтүү кайсы жердеги үйүнө жасалганын жана кайсы орган жасаганын айткан жок.

УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов болсо Кулматовдун үйүнө тинтүү жасалганы боюнча “Азаттыктын” суроосун комментарийсиз калтырды. Ал бул маалыматты тастыктаган да жок, төгүнгө чыгарган да жок.

Кубанычбек Кулматов 14-майда Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинен өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Андан үч күн мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылган. Кийин Бишкек мэри болуп иштеп турган кезде TBEA компаниясы мектеп курулушу үчүн берген гранттык каражатты кымырууга байланыштуу сурак бергени белгилүү болгон.

Кулматов кызматтан кетиши боюнча “Азаттыкка” түшүндүрмө берип, муну саясат менен байланыштырган. Ал ошондой эле иштен кетишин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна тиешеси жок экенин айткан эле.

2014-жылы Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого 386 млн. доллар жумшаган кытайлык ТВЕА компаниясы бул суммадан сырткары 2 млн. доллар грантка мектеп салып бермек болгон. Ага Калыс-Ордо конушуна 1200 орундуу мектеп жана бала бакча куруу жагы чечилген. Кийин ал 750 орунга, андан кийин 660 орунга чейин кыскарган.

Кытай компаниясы бөлүп берген акча менен курулуш иштерин баштаган эки компаниянын иштери экспертизадан өтпөй калып, иш эки жолу токтоп калган. Кийин курулуш үчүнчү ишканага - "Айкөл курулуш" компаниясына берилип, мектепти ошол бүткөргөн. Ага Кытайдын акчасынан тышкары Бишкек шаардык бюджетинен 104 млн. сом бөлүнүп берилген.

Башкы прокуратура былтыр “Айкөл курулуш” компаниясы менен мэриянын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоп, мектепти курууга мамлекет берген сумманын 91 миллиону кымырылганын жарыялаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG