Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Германиянын Саарбрүккен шаарында атышуудан эки адам өлдү


Гермения полициясынын автоунаалар. Иллюстрациялык сүрөт.
Гермения полициясынын автоунаалар. Иллюстрациялык сүрөт.

Германиянын бийлиги Саарбрүккен (Саарбрюккен) шаарында ишемби күнкү кечки атышуудан эки адам өлгөнүн кабарлады. Күч кызматтары билдиргендей, шектүү кармалды.

Полициянын расмий өкүлү маалымдагандай, өлтүрүлгөн эки адам жана кармалган киши бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.

19-майда жергиликтүү маалымат каражаттары, Саарбрүккендин Бребах-Фехинген районунда белгисиз адамн көчөдө туш келди ок чыгарганын жазып чыккан. Муну полиция ырастаган эмес. Жергиликтүү “Saarlaendischer Rundfunk” немис телеканалы болсо, атышуудан бир нече киши оор жаракат алганын билдирген. Окуянын чоо-жайы тууралуу башка маалыматтар белгилүү боло элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG