Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Жазуучу Көчкөн Сактанов дүйнө салды


Көчкөн Сактанов. 2009-жылы тартылган сүрөт.
Көчкөн Сактанов. 2009-жылы тартылган сүрөт.

Кыргыз эл жазуучусу Көчкөн Сактанов узак оорудан улам каза болду. Бул тууралуу Кыргызстан жазуучулар союзунун жооптуу катчысы Жылдыз Акаева билдирди.

Акаеванын айтымында, Сактанов бүгүн эртең менен көз жумган. Ал буга чейин инсульт алып, бир топ жылдан бери дарыланып келаткан. Жылдыз Акаева белгилегендей учурда жазуучунун сөөгүн жерге берүү зыйнатын өткөрүү маселесин анын туугандары менен Маданият жана маалымат министрлигинин кызматкерлери чечип жатышат.

Жазуучу, драматург Көчкөн Сактанов Ош облусуна караштуу Алай районунун Кең-Жылга кыштагында туулган. Быйыл 10-октябрда 76 жашка чыкмак. Ал “Абат дүйнө”, “Сталиндин заманы”, “Чөөлөрдүн заманы” романдарынын, ондогон аңгемелердин, трагикомедиялардын жана очерктердин автору. Көбүрөөк “Маркумдар” үнү чыгармасы менен таанымал. Сактанов ошондой эле жазуучу Төлөгөн Касымбеков менен бирге “Курманжан датка” тарыхый драмасын жазган.

Сактановдун кесиби журналист. Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, Кыргыз энциклопедиясында жана телевидениеде редактор, “Ала-Тоо” журналында бөлүм башчы, “Кыргызфильм” киностудиясында көркөм сценариялык коллегиясында редактор, филармонияда адабият бөлүмүнүн башчысы, “Азаттык” үналгысында кабарчы, Кыргыз-түрк “Манас” университетинде окутуучу болуп иштеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG