Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Анкарада кыргыз-түрк маданият үйү ачылды


Анкарадагы кыргыз-түрк маданият үйүн ачуу учуру.
Анкарадагы кыргыз-түрк маданият үйүн ачуу учуру.

Кыргыз манасчылар жана бийчилер тобу Түркиянын борбор калаасы Анкарада Орозо айына карата уюштурулган эл аралык мааракеге катышты. Мааракенин алкагында бул шаарда кыргыз-түрк маданият үйү ачылды. Ачылыш аземине Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келди.

Атайын уюштурулган концерттик программада "Манас" эпосунан үзүндүлөр айтылды. Жергиликтүү калк кыргыз ырларынын коштоосунда бийчилердин концерттик программаларына күбө болушту.

Бул маданий иш-чара Анкара шаарынын тургундарын түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданияты менен тааныштыруу максатында уюштурулду. Шаардын Кечиөрен аймагында өтүп жаткан маараке бир ай бою Кыргызстан, Казакстан, Ооганстан, Өзбекстан, Иран жана башка түрк тилдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн маданий иш-чаралары менен уланат. (ElB\ErN)

XS
SM
MD
LG