Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Жердештерин 23 миң долларга алдаган индиялык студент кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында өз жердештерин алдаган Индиянын жараны шылуундукка шектелип кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милиция башкармалыгынан билдиришти.

Анда айтылгандай, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө Индиянын жараны арыз менен кайрылып, 14 миң доллар акчасын алып бербей жүргөн жүргөн жердешине чара көрүүнү өтүнгөн. Индиялык жаран бул акча үчүн даттануучуну борбор калаадагы окуу жайлардын бирине киргизмек болгон.

Ушундай эле даттануу менен дагы бир индиялык студент кыз милицияга кайрылган. Ал дагы ЖОЖго өтүү үчүн жердешине 9 миң доллар акча бергенин айткан. Акча алган киши эки учурда тең убадасын аткарбай, аларды окууга өткөргөн эмес.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шылуундукка шектелип Индиянын 28 жаштагы жараны кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG