Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

21-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Апшыр-Ата эс алуу жайы, Ноокат району.
Апшыр-Ата эс алуу жайы, Ноокат району.

21-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26,

Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,

Баткен аймагында түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,

Нарын дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22,

Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20 градус болот.

21-майда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 24…26 градуска чейин көтөрүлөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG