Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Ошто жол эрежесин бузган 23 жүргүнчү айыпка жыгылды


Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында уруксат берилбеген жерден жолду кесип өткөн 23 жөө жүргүнчүгө 500 сомдон айып салынды. Бул тууралуу Ош шаардык Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын үгүт бөлүмчөсүнүн ага инспектору Рашид Сыдыков “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, бул “Жөө жүргүнчү” деп аталган жарым айдан бери уланып жаткан рейддин жыйынтыгы.

- Бул рейд жалпы Кыргызстанда, анын ичинде Ошто жанданды. Биринчи кезекте биз көчөдөн туура эмес жерден өткөн адамдарга түшүндүрүү иштерин күчөттүк. Жашы жете электерге эскертүү берүү менен эле чектелип жатабыз, ал эми 18 жашка толгондорго протокол түзүп, айып төлөтүп жатабыз. Аларга Административдик кодекстин 247-беренесинин 1-бөлүгү (“Жөө адамдар жана транспорт каражаттарынын жүргүнчүлөрү тарабынан жол кыймылынын эрежелеринин бузулушу") боюнча 500 сом айып салып жатабыз. Биздин максат - жол кырсыктарынын санын азайтуу.

Сыдыков белгилегендей, жүргүнчүлөрдүн баары айыпты жеринде төлөштү. Ал ошондой эле көчөдөн туура эмес жерден өткөн тургундарды жазага тартуу иштери мындан ары да улантыларын кошумчалады.

Учурда Ош шаары боюнча каттоодо турган 65 миңдей автоунаа бар. Шаарга күнүнө 30-40 миндей машине кирип-чыгып турат. Экинчи борбор калаада расмий эсеп боюнча 250 миңдей, бейрасмий 500 миңдей адам жашайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG