Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:07

Сириядагы исламчыл жоочулар акыркы анклавдан чыгып кетишти


Сириянын Ярмук анклавы.
Сириянын Ярмук анклавы.

Сириядагы адам укуктарына көз салган Лондондогу обсерватория билдирүү таратып, “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары акыркы козголоңчул Ярмук анклавынан 20-майда эвакуацияланганын кабарлады. “Рейтер” агенттиги белгилегендей, жоочулардын чыгарылып кетиши Сириянын президенти Башар Асаддын режиминин аталган аймактагы мамлекеттик көзөмөлүн калыбына келтирет.

Сириянын мамлекеттик массалык маалымат каражаттары исламчылардын Дамасктын жанындагы Ярмук анклавын таштап кетүүсүнө уруксат берген макулдашуу тууралуу кабарлашкан жок. Ишемби күнү Сириянын аскер кызматкери жоочулар менен кандайдыр бир макулдашуу болгонун төгүндөгөн.

Сириянын өкмөтү Ярмук анклавында өз бийлигин калыбына келтирүү менен Сириянын батышындагы эң акыркы козголоңчу районду жок кылган болот. Ошол эле кезде Түркия, Ирак жана Иордания менен чектеш жерлерде да Асаддын режимине баш ийбеген бир нече аймактар бар.

Лондондогу обсерваториянын өкүлдөрү кабарлашкандай, анклавга автобустар түн ортосунда кирип, жоочуларды жана алардын үй-бүлөлөрүн алып чыгып кеткен. Алар Дамасктын чыгыш тарабындагы Ал-Бадия облусундагы чөлдүү райондорго багыт алышканы кабарланды. (ErN)

XS
SM
MD
LG