Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Миллиардер Абрамовичтин британ визасы узартылбай калды


Роман Абрамович
Роман Абрамович

Орусиялык миллиардер Роман Абрамовичтин инвесторлук британ визасын узартпай коюшту. Бул тууралуу бизнесмендин айланасындагы булактарына таянып “The Bell” сайты жазып чыкты.

Басылманын кабарлашынча, орус ишкеринин визасынын мөөнөтү үч апта мурда аяктаган. Визаны узартууга тыюу салынганы тууралуу расмий кабар таратыла элек. Бирок аталган сайт жазгандай, миллиардердин учагы акыркы жолу Лондондо өткөн айдын башында гана болгон.

Визасынын жоктугуна байланыштуу Абрамович кечээ Англиянын кубогу үчүн өткөн өзүнүн футболдук клубу "Челси" менен “Манчестер Юнайтед" оюндарына да келе алган жок.

Буга чейин Британиянын ички иштер министри Эмбер Радд орусиялык байларга берилген жүздөгөн визалар текшерилип жатканын билдирген. Лондон мындай кадамга Орусиялык мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын ууландырылганы үчүн барган. (ErN

XS
SM
MD
LG