Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Эл аралык уюмдар казак бийлигин жалаа жабуу жөнүндөгү мыйзамды кайра карап чыгууга үндөштү


Казакстандын желеги.
Казакстандын желеги.

Маалымат каражаттарынын эркиндигин коргогон бир нече уюм казак бийлигин эки көз карандысыз медиага каршы иштерди жабууга жана “жалаа жабуу” тууралуу мыйзамды кайра карап чыгууга чакырышты. Кабарчыларды коргоо комитети, Эл аралык Пен клубу жана башкалар мындай билдирүүнү 18-майда жарыялашты.

Кайрылуу авторлору прокуратура жана сот органдарынын Ratel.kz сайтына жана башка каражаттарга каршы мыйзамсыз чаралары тынчсыздантаарын, бул – Казакстанда укуктук система сын пикирлерди басууга колдонот дегенге жатарын белгилешти.

2-апрелде полиция Ratel.kz сайтынын жана Forbes журналынын жергиликтүү кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, компьютер, документтерди алып кеткен. Кийин тартип коргоочулар тинтүү мурдагы министр Зейнулла Какимжановдун доо арызынын негизинде болгонун айтышкан. Экс-министр сөз болгон ресурстар анын беделине шек келтирген жалган маалымат жарыялашканын ырастап келатат.

Укук коргоочулар жалаа жабуу жөнүндөгү мыйзамдын журналисттердин оозун жабуу үчүн колдонгонуна камтамасын билдиришет.

XS
SM
MD
LG