Бүгүн Бишкек шаарында “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулаган тегерек үстөл өтөт. Бул тууралуу коомдук талкууну уюштуруп жаткан “Демократияны колдоо фондунун” жетекчиси Назгүл Жолдошева “Азаттыкка" билдирди.
Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин “Республика - Ата Журт” партиясынын депутаты Кенжебек Бокоев сунуш кылган. Бул мыйзам Кыргызстандын жарандарынын шайлоо укуктарын иреттейт жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилерин шайлоо маселесин жөнгө салат.
Жыйын саат 14:00дө, Бишкектеги “Орион” ишкерлик борборунда башталат. Жыйындын уюштуруучуларынын катарында “Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы да бар. (ErN)