Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Жыл башынан бери 300гө жакын экcтремизм фактысы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2018-жылдын алгачкы төрт айында экcтремизмге байланышкан 284 факты аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул фактылардын негизинде 159 кылмыш иши козголгон.

Буга чейин БУУнун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Бишкектеги кеңсеси Кыргызстанда 2017-жылы террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарга байланыштуу айыпталып 191 киши соттолгонун кабарлаган. Алардын дээрлик 90% эки берене менен бирдей айыпталган. Камалгандардын 19% жалданмачылык боюнча да кине тагылган.

Соттолгондордун 89у беш жылдан он жылга чейин, 33ү 20 жылга чейин кесилген. Дагы ону 20 жылдан жогору, 14ү өмүр бою эркинен ажыратылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG