Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

ИМ Чеченстандагы кол салууга жоопкерчилик алды


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

“Ислам мамлекети” террордук тобу Чеченстандын борбору Грозный шаарындагы чиркөөгө кол салууну уюштурганын моюнуна алды. Бул тууралуу көз каранды эмес “SITE Intelligence Group” мониторинг борбору кабарлады.

Чабуул учурунда эки полиция кызматкери жана бир жай тургун каза болду. Кол салгандарды полиция жок кылган.

Православдык чиркөөгө кол салуунун чыныгы себептери тууралуу расмий маалыматтар айтыла элек. Орусиянын Тергөө комитети факты боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө баштаган.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров "кол салган эки адамдын тек-жайы аныкталганын, алар Грозныйдан алыс эмес жердеги кыштактардын тургуну экенин" "Telegramдагы" баракчасына жазды.

Окуя 19-май күнү болгон. Белгисиз төрт жаран Грозный шаарындагы Архангел Михаил чиркөөсүнө кол салып, адамдарды барымтага алууга аракет кылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG