Кыргызстанда, Бишкек шаарында Беларусь киносунун күндөрү башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
Үч күнгө улана турган иш-чара Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө болот. Саамалык “Анастасия Слуцкая” аттуу тасма менен ачылат.
Эртең, 22-майда “Суудагы издер” (“Следы на воде”), “Карышкырлар” (“Волки”) жана анимациялык “Жетинчи асмандын жылдыздары” (“Звезды седьмого неба”) тасмалары коюлат.
23-майда болсо “Киндервилдеги көрүмчү” (“Киндервильское приведение”), “Масакра” жана “Рондо-Каприччозо” фильмдери коюлат. (ErN)