Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:33

Орусия Кыргызстанда өстүрүлгөн 61 тонна азык-түлүктү кайра кайтарды


Жашылча-жемиш саткан кыргызстандыктар. Иллюстрациялык сүрөт.

Россельхознадзор мекемесинин Оренбург облусу боюнча башкармалыгы Кыргызстан менен Казакстандан бараткан 90 тоннадан ашык азык-түлүк, жашылча-жемиштерди Орусияга киргизүүгө уруксат берген жок.

Мекеме тараткан маалыматта “Маштаково” көзөмөл бекетинде кармалган өндүрүм фитосанитардык жактан жогорку деңгээлдеги коркунучка ээ экени айтылат.

Кыргызстандан бараткан 61 тонна азык-түлүктүн ичинде 19,3 тонна гилас, 0,55 тонна бадыраң, 21,42 тонна жемиш кагы, 20,5 тонна сабиз бар экени кабарланган.

Мындан сырткары, дагы 30 тоннадай Казакстандан бараткан помидор, гилас жана өрүк да чек арадан кармалган.

Жашылча-жемиштердин баары чек арадан өткөрүлбөй, кайра артка жөнөтүлдү.

Кыргызстан - Орусия, Армения, Казакстан жана Беларусь сыяктуу эле Евразия Экономикалык Биримдигинин мүчөсү. Ортодогу бажы тосмолору алынган, бирок фитосанитардык көзөмөл күчөтүлгөн. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG