Линктер

шаршемби, 20-июнь, 2018 Бишкек убактысы 23:17

2018-жылдын 4-май күнү Араван райондук соту 57 жаштагы жаранды Кылмыш-жаза кодексинин 299-2-беренесинин 1-бөлүгү ("Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, таратуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террорчулук уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап пайдалануу, анын ичинде көрсөтүү") боюнча айыптап, үч жылга эркинен ажыратты.

Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинин 1-бөлүгү ("Жалданмачыны террорчулук же экстремисттик кылмыштарды кылуу шыктарын жана жөндөмдөрүн берип даярдоо, жалдоо, үйрөтүү, каржылоо же материалдык жагынан башкача камсыздоо, ошого тете аны куралдуу кагылышта же согуштук аракеттерде пайдалануу) боюнча айыптар далилденбегендиктен, С.С. жана аны менен кошо шек саналып жаткан М.М. аттуу жаран акталган.

Бул тууралуу Ош облустук сотунун кеңсе кызматкери Бекзат Осмонкулов "Азаттыкка" маалымдады. Анын берген маалыматы боюнча, алар 2012-2017-жылдар аралыгында Ноокатта уландарды радикализмге тартып, Сириядагы согушка барууга үгүттөгөнү аныкталган. Алардын бири Араван райондук мечитинин имамы, экинчиси казысы болгон.

Соттук маалыматтар боюнча, С.С. аттуу жаран жергиликтүү бир тургунга Сирияга баруунун жол-жобосун үйрөтүп, Орусияга чейинки жол кире үчүн беш миң сом берген. Москвага баргандан кийин ал Сирияга баруу тууралуу оюнан айнып, мекенине кайтып келген.

Араван райондук сотунун чечимине нааразы болгон тараптар жогорку сот инстанциясына арызданышкан. Эми иш Ош облустук сотунун коллегиясында каралат. (MdN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG