Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Кулматов тинтүүнү "психологиялык басым" деп сыпаттады (видео)


Кубанычбек Кулматов журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. 21-май, 2018-жыл.
Кубанычбек Кулматов журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. 21-май, 2018-жыл.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов журналисттер менен сүйлөшүп жатып, анын үйүндөгү тинтүү эреже менен жүргөнүн, бирок өзү мындай аракетти "психологиялык басым" катары кабыл алганын айтты.

- Тинтүү жагымсыз көрүнүш. Бирок ал өз ирети менен жүргүзүлдү. Менин үйүмдөн эч нерсе табышкан жок. Үйдө балам, аялым бар болчу. Кошуналарды чакырышты. Муну мен психологиялык кысым деп кабыл алдым. Мени бир эле иш боюнча суракка алышууда. Бирок мага тагылган айып күлкүлүү. Себеби айып таккан соң, кандай зыян келтирилгенин кошо айтыш керек. Козголгон кылмыш ишинин саясий өңүтү бар. TBEA мектепти өзү курган. Биз, мэрия, болгону ал мектепке коммуникация алып кирип бергенбиз, - деди Кубанычбек Кулматов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып такты.

Билдирүүдө айтылгандай, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурда “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорунун алкагында Кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан берилген 2 млн. АКШ доллар грантты мыйзамсыз иштеткени аныкталган. Ал Калыс-Ордо конушунда мектеп куруу шылтоосу менен көрсөтүлгөн акча каражатын өкмөттүн кароосунан мэриянын кароосуна өткөрүп алган.

Андан кийин Кубанычбек Кулматов “Альто Групп” ЖЧКсы менен сынактан сырткары келишим түзүп, анын жетекчиси менен жең ичинен сүйлөшүп, Кытай компаниясынын 1 млн. АКШ долларын аталган менчик фирманын эсебине түз котортуп койгон. Мындан сырткары, Бишкек шаарынын бюджетинен "Калыс-Ордо айылындагы мектептин курулушун бүткөрүү үчүн" деп кошумча 100 млн. сом бөлдүргөн.

Кубанычбек Кулматовдун үйүндө 20-майда тинтүү жүргүзүлгөн. (EBM/KR)

XS
SM
MD
LG