Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:32

Кулматов: Бажыдан бийликтин шартына макул болбогонум үчүн кеттим (видео)


Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. 21-май, 2018-жыл.

Бүгүн Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов УКМКнын алдында "Азаттыктын" кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, Мамлекеттик бажы кызматынан кеткенин ага туура эмес шарт коюлганы менен түшүндүрдү.

- Менин Бажы кызматынан кеткеним саясат менен байланыштуу болду. Себеби, акыркы төрт айда бажыга канча каражат түшкөнүн өзүңөр деле көрдүңөр да. Бирок мен бүгүнкү күнү эмне болуп жатканын түшүнбөй койдум. Мени "кызматтан кет" деп эч ким айткан жок. Болгону мага бир шарт коюшту. Мен ага макул болбой койдум. Албетте, өлкө жетекчилиги ким кандай иштеши керектигин айта алат, бирок мага коюлган шарттар жаккан жок, - деди Кубанычбек Кулматов.

Кубанычбек Кулматов 14-майда Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинен өз ыктыяры менен кеткен. Андан үч күн мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылган. (EBM/KR)

Пикирлерди көрүңүз (22)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG