Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:59

Парламент депутаттары Текебаевдин иши боюнча басма сөз жыйынын өткөрөт


Өмүрбек Текебаев сот процессинде. Архивдик сүрөт.
Өмүрбек Текебаев сот процессинде. Архивдик сүрөт.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жаңы жагдайларга соттун көңүл бурушун талап кылып, парламенттеги бир нече фракциянын өкүлдөрү 21-майда басма сөз жыйынын өткөрөт.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, мындай талап менен "Өнүгүү-Прогресс", "Республика - Ата Журт" жана "Ата Мекен" фракцияларынын өкүлдөрү, депутат Жанар Акаев чыгат:

- Мурдагы соттор Өмүрбек Текебаевдин күнөөсүз экенин далилдеген бир катар жагдайларды эске албай койгон. Алардын ичинде Модиндин жана Маевскийдин жалган көрсөтмөлөрү бар. Модин "Текебаевдин иш бөлмөсү" деп, Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүн сүрөттөп берген. "Текебаев менен жолугушууну Дүйшөнкул Чотонов уюштуруп берген" деп айтканы чындыкка дал келбей, Чотонов Ошто жүргөнүн күбөлөр далилдеген. Бирок сот буга көңүл бурган эмес. Ушуга окшогон беш жагдай бар. Депутаттар ошол жагдайларды эми соттор көңүл буруп, карасын деп талап кылып жатышат.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Текебаев жана Чотонов, алардын тарапташтары бул ишти саясий куугунтук деп эсептешет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG