Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

УКМК "Кулматов камакка алынды" деген маалыматты төгүндөдү (видео)


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов убактылуу камакка алынды" деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" билдирди.

- "Кубанычбек Кулматов камакка алынды" деген маалымат туура эмес. Кулматовго эч жакка чыкпоо боюнча бөгөт чарасы каралган. Ошол эле калат. Бөгөт чарасы каралгандан кийин башка чара көрүлбөсүн бардык эле юристтер билет. Кулматов "Альто Груп" ЖЧК жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып, сынагы жок эле кытайлык компаниядан 1 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү каражатты түздөн-түз ошол жеке компаниянын эсебине которууга жетишкен. Мындан сырткары, Калыс Ордодогу мектепти аягына чыгарыш үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 миллион сом бөлүнүп берилген. Учурда кылмыш ишинин алкагында жеке компаниянын жетекчилеринин бири УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, - деди УКМКнын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов.

Мурдараак айрым маалымат каражаттары УКМКга сурак берүүгө барган Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов камакка алынганын өздүк булактарына таянып жазып чыгышкан. (KR)

XS
SM
MD
LG