Жалал-Абад шаарында жайгашкан Кадыржан Батыровдун мүлкүнүн сатылышына байланыштуу облустук прокуратура “Элдик” ишканасынын жетекчиси Нурлан Сулаймановго кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Анарбай Орозов билдирди.
Орозовдун маалыматына ылайык, Сулайманов шаардын Москва жана Курулушчулар көчөсүндө жайгашкан Кадыржан Батыровго таандык мүлктү жеке тараптарга келишим менен сатып, акчасын бюджетке түшүргөн эмес. Натыйжада мамлекет жарым миллион сомдон ашык зыян тартканы аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 171 ("Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же жок кылуу") жана 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.
Бул маалыматты Жалал-Абад облустук прокуратурасы да ырастап, ишти УКМКнын облустук башкармалыгы териштирип жатканын билдирди.
Кадыржан Батыров 2010-жылы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Андан соң 2011-жылы бардык мүлкү соттун чечими менен конфискацияланган. Анын негизинде Батыровго жана жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка алынып, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн. Андан соң Мамлекеттик мүлк фондунун алдында “Элдик” ишканасы уюштурулуп, мүлктөрдү башкаруу ошол ишканага берилген. (RsK)