Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Ноокенде селге агып кеткен айдоочунун сөөгү табылды


Араванда жүргөн сел. 16-май, 2018-жыл.
Араванда жүргөн сел. 16-май, 2018-жыл.

20-май күнү саат 04:00 чамасында Ноокен айыл аймагынын Ак-Жийде айылында сел «Дэу Матиз» унаасын агызып, Биринчи Сай дарыясына алып кеткен.

Жергиликтүү элдин жардамы менен автоунаанын жүргүнчүсү, 18 жаштагы Рустам Масудов куткарылган. Ал эми айдоочу агып кеткен. Кийинчерээк куткаруучулар анын сөөгүн табышты.

19-20-май күндөрү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда сел жүрүп, аймактагы Сары-Сыя айылынан алты үйдү каптады.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Нөшөрлөгөн жаандан улам, өлкөнүн түштүгүндөгү бир катар аймактарды сел каптады. Ал айдоо аянттагы эгиндерге, турак жайларга, жолдорго зыян келтирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG