Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Мадуро Венесуэланын президенти болуп кайра шайланды


Венесуэланын президенти Николас Мадуро. Каракас, 20-май, 2018-жыл.
Венесуэланын президенти Николас Мадуро. Каракас, 20-май, 2018-жыл.

Венесуэланын азыркы мамлекет башчысы Николас Мадуро дагы алты жылга президент болуп шайланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жекшембиде өткөн добуш берүүдө аны шайлоочулардын 68 пайызы колдогон. Мадуронун атаандашы, опппозициячы талапкер Энри Фалькон 21 пайыз добуш алган.

Фалькон шайлоонун жыйынтыгы чыга электе эле аны тааныбай турганын жарыялаган. Ал добуш берүү көптөгөн мыйзам бузуу менен коштолгонун, 142 миң арыз түшкөнүн билдирүүдө.

Ал эми негизги оппозициялык партиялар шайлоого катышуудан баш тартып, ага бойкот жарыялашкан жана добуш берүүнү "диктаторго таажы кийгизүү" деп аташкан.

Венесуэланын борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, добуш берүүгө шайлоочулардын 46 пайызы келди. Оппозиция болсо элдин 30 пайызга жетпеген бөлүгү гана шайлоого катышканын билдирип жатат.

АКШ жана бир катар өлкөлөр добуш берүүгө чейин эле анын жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялашкан.

55 жаштагы Николас Мадуро 2013-жылы Уго Чавес өлгөндөн кийин президент болгон.

Мадуро өзүн Уго Чавестин мураскери деп атап жүрөт. Убагында мунай өндүргөн бакубат Венесуэла ушул тапта экономикалык кризисти башынан кечирүүдө. Дүйнөлүк валюта фондунун маалыматы боюнча өлкөдө быйыл инфляция 13 миң пайызга жетет, анын экономикасы 15 пайызга төмөндөйт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG