Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Казакстандан күйүүчү май алып өткөн жарандар кармалды


Кармалган күйүүчү май. 21-май, 2018-жыл.
Кармалган күйүүчү май. 21-май, 2018-жыл.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" бекетинде үч кыргызстандык аткезчиликке байланыштуу шектүү катары кармалды. Алар «Фольксваген-пассат» жана «Форд транзит» автоунааларына кошумча орнотулган бензобактарга жана атайын идиштерге куюлган 2200 кг күйүүчү майды Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган деп шек саналууда.

Жарандар чек ара кызматкерлери тарабынан кармалып, мыйзамсыз жүгү менен кошо ИИМдин аймактык бөлүгүнө өткөрүлүп берилген.

Казакстан бир нече жылдан бери күйүүчү майды сыртка экспорттоого мораторий киргизип келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG