Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Ошто өзбек жаранын барымтага алгандар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кармалгандардын бири - Кытайдын жараны, калган үчөө - Ош шаарынын, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун тургундары. Алар 15-май күнү өзбекстандык 36 жаштагы И.Т. аттуу адамды "Достук" чек ара бекетине бара жаткан жеринен кармап, автоунаага салып алып кетишкен.

Алгачкы иликтөөнүн маалыматтарына караганда, кылмышка шектүүлөр жабырлануучу И.Тны муунтуп, сабап, кылмышка шектүүлөрдүн биринин үйүндө кармап отурушкан. Алар бул адамды 4-5 жыл мурда кытай жараны менен соода-сатык мамилелери боюнча өнбөгөн карызы үчүн кармап, өзүм билемдик кадамдарга барышканын тергөөдө билдиришкен. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинин 2-бөлүгү ("Кызматтык кылмыштын белгилерин көрсөтпөй, адамды зордоп кармап туруу менен басып жүрүү эркиндигин чектөө") боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. (MdN)

XS
SM
MD
LG