Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Иракта коалициялык өкмөт түзүү боюнча расмий эмес жолугушуу өттү


Шийит диниятчысы Муктада Ас-Садр шайлоодо биринчи орун алган.
Шийит диниятчысы Муктада Ас-Садр шайлоодо биринчи орун алган.

12-майдагы парламенттик шайлоодо алдыңкы орунду алган “Ыңкылапчылар реформа үчүн” биримдигинин лидери, шийит диниятчысы Муктада Ас-Садр 20-майда Ирактын премьер-министри Хайдар Ал-Абади менен жолукту.

Элдин 44 пайызы катышкан шайлоодо негизги деп эсептелген үч блогдун бири да парламенттеги 329 мандаттын көбүн алган эмес. Ошондуктан коалициялык өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөр бир канча айга созулуп кетиши мүмкүн. Азыркы өкмөт башчы Абадинин “Наср” блогу экинчи орун алган.

Садр 20-майда шайлоодо үчүнчү орунду алган “Фатх” союзунун өкүлү Хади Ал-Амири менен да жолукту. Амири Иран менен жакын мамиледе, ал Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейн менен бозгунда жүрүп 20 жылдай күрөшкөн.

Жолугушууда Садр өкмөттү мүмкүн болушунча эртерээк түзүү зарыл экенин белгилеген.

XS
SM
MD
LG