Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:42

Депутаттар Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларга көңүл бурууну талап кылышты


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс", "Республика - Ата Журт" жана "Ата Мекен" фракцияларынын өкүлдөрү, депутат Жанар Акаев Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларга көңүл бурууну соттон талап кылууда.

Депутаттар Текебаевдин күнөөсү жок экенин көрсөткөн беш жагдай бар экенин белгилеп, соттон ошол жагдайларга көңүл бурууну суранышмакчы. "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлардын арасында негизги арыз берген Маевскийдин көрсөтмөлөрүн төгүнгө чыгарган маалыматтар бар экенин билдирди:

- Модин тергөөдө "Текебаевдин иш бөлмөсү" деп ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн төрайымынын 1-орун басары Алмазбек Атамбаевге таандык иш бөлмөсүн сүрөттөгөн. Модин "Текебаев, Чотонов менен жолугушуу болду" деп айткан күнү, убактысы чындыкка дал келбейт. Ал ""Супарада" жолугушууда болдук" деген сааттарда Бишкекти кыдырып жүргөн. Буга чейинки сотто бул маалыматтар биздин күбөлөр жана адвокаттар тарабынан айтылган. Бирок сот аларга көңүл бурган эмес. Тескерисинче, Бишкек шаардык соту бул фактыларды жашырып койгон.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "Орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Текебаев жана Чотонов, алардын тарапташтары бул ишти саясий куугунтук деп эсептешет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG