Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз өкүлү Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында, 17-май күнү болжол менен саат 10:00 чамасында Ак-Суу районунун Чолпон айылынын күн чыгыш бетинде жайгашкан кашарлардын биринде жардамчы болуп иштеп жүргөн 45 жаштагы Немыкина Еленанын сөөгүн кашарда жашагандар тапкан. Кароо учурунда каза болгон аялдын денесинен анын киши колдуу болгонун көрсөткөн тактар байкалган.
Бул факты боюнча кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. "Окуяга шектүү адамдар изделүүдө" деп кошумчалады Усубакунов. (AsM)